www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-мартта, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу тармагын өнүктүрүү департаментинин директору Азамат Шадманов мамлекеттик инвестициялардын алкагында ишке ашырылып жаткан суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу долбоорлорун жүзөгө ашыруу бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылга бекитилген пландар жана аларды өз убагында жана натыйжалуу өздөштүрүү маселелери каралды. Долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалына, иштердин аткарылыш графигин сактоого жана белгиленген көрсөткүчтөргө жетишүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар долбоорлорду ишке ашыруунун техникалык маселелерин, анын ичинде быйылкы жылы пландалган калктуу конуштарды суу менен камсыздоо иштерин аяктоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле каржылык маселелер, анын ичинде бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана долбоорлорду өз убагында каржылоо маселелери көтөрүлдү.

Азамат Шадманов технико-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууну жана макулдашууну тездетүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле бардык иштерди аткарууда курулуш нормаларын жана эрежелерин, санитардык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында жооптуу бөлүмдөргө долбоорлорду ишке ашыруунун темпин жогорулатууга жана аларды белгиленген мөөнөттөрдө сапаттуу аяктоону камсыз кылууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди. Коюлган милдеттердин аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынат.

 

Последние новости