www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда котормочу бет кап жарык көрдү

Япониялык Donut Robitics компаниясы өзгөчө бет кап ойлоп тапты. Пластик жана силикондон жасалган бет кап кадимки колдонуп жүргөн масканын бетине чапталат. Bluetooth аркылуу уюлдук телефон же планшеттен байланыш түзүлүп, аны тагынган адамдын сөздөрүн үн чыгарып которот. 8 тилге которгон “C-mask” бет кабын негиздеген компаниянын башкы директору Тайсуки Оно: “Пандемияга байланыштуу адамдардын баары бет кап тагууга мажбур. Дүкөндөргө киргенде алардын сүйлөгөнү сатуучуга жакшы угулбайт. Бул бет кап болсо биз айткандарды жазып, кайра үн чыгарып айтып турат”, - деди.

C-Mask

Учурда АКШ жана Кытайда көп талап кылынган бул бет кап чектелүү санда өндүрүлүп жатат. Ал эми сатыкка чыккан баасы 40 долларды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости