www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аятолла Али Хаменеи дүйнөдөн кайткан соң, Тегерандын бийлик коридорлорунда эски, бирок тажрыйбалуу ысым кайра жаңыра баштады. Бул Али Ларижани эле. Көпчүлүк үчүн ал парламенттин мурдагы спикери же ядролук сүйлөшүүлөрдөгү катаал позициясы менен белгилүү саясатчы. Бирок бүгүн Ларижани катардагы ардагер эмес, режимдин коопсуздук иерархиясындагы эң ишенимдүү жана таасирдүү фигуралардын бирине айланып отурат.

1958-жылы Нажафта төрөлгөн Ларижани диний жана саясий салмагы бар үй-бүлөдөн чыккан. Анын атасы, белгилүү ирандык диний кызматкер аятолла Хашеми Мирза Амоли, шах Мохаммед Резанын тушунда Иракка сүргүнгө айдалган. Ислам революциясынан кийин үй-бүлө Иранга кайтып келип, Ларижани философия боюнча доктордук даража алган. Анын бир туугандары да сот системасында, тышкы саясатта жогорку кызматтарды ээлеп, Ларижани фамилиясын Тегерандын бийлик элитасынын туруктуу бөлүгүнө айлантты.

Ларижани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болду. Кийин мамлекеттик телерадиокомпанияны жетектеп, өлкөнүн маалымат саясатын мыкчып турду. 

2005–2007-жылдары Ларижани Ирандын башкы ядролук сүйлөшүүчүсү катары Батыш менен катаал, бирок эсепчил диалог жүргүздү. Ал Европанын сунуштарын “берметти шоколадга алмаштыруу” деп сындап, Тегерандын уран байытуу укугун бекем коргоду. 

2008–2020-жылдары парламентти жетектеп турган мезгилинде Иран 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен тарыхый өзөктүк келишимге жетишти. Бирок 2018-жылы АКШ президенти Доналд Трамп келишимден чыгып, жаңы санкциялар доорун баштаган. Бул сокку Тегерандын стратегиясын кайра карап чыгууга мажбур кылды.

2021-жылы Ларижани Кытай менен 25 жылдык стратегиялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайындалды. Бул келишим Ирандын санкциялар шартындагы экономикалык дем алуусу катары каралды. Ошол эле учурда ал Москвага бир нече жолу барып, коопсуздук маселелерин талкуулады.

Жакында Оманда АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөргө катышканы анын кайрадан ишенимдүү стратег катары алдыңкы сапка чыкканын көрсөттү. Ал бир жагынан “Ирандын өзөктүк программасы эч качан жок кылынбайт” деп баса белгилесе, экинчи жагынан бул маселени дипломатия аркылуу чечүүгө болорун айтат.

Ларижани түпкүлүгүндө революциячыл популист эмес. Ал системанын ичиндеги эсепчил прагматик. Радикалдар менен реформисттердин ортосунда тең салмак таба алган фигура. 

Хаменеиден кийинки доордо Иранга туруктуулук, эл аралык басымга туруштук берүү жана дипломатиялык маневр талап кылынууда. Бул шартта Ларижани сыяктуу көп кырдуу, коопсуздук түзүмдөрүнө жакын, бирок сүйлөшүүгө жөндөмдүү саясатчынын кайрадан сахнага чыгышы кокустук эмес.

Тегерандын саясий сахнасында жаңы доор башталды. Ал эми ошол доордун көшөгөсүн ачкан фигуралардын бири Али Ларижани десек жарашат.

Последние новости