www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАС ок атышууну толук токтотуу шартын койду

ХАМАС куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех аль-Арури барымтадагы калган туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын айтты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, ушул тушта куралдуу топтун барымтасында аскер кызматкерлери, же болбосо эркек-резервисттер калганын айтты.

 Израилдин Чалгын кызматынын (“Моссад”) башчысы Давид Барнеа Катардагы туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүгө катышып жаткан өкүлдөрүн чакыртып алганы белгилүү болгон. Буга чейин, 24-30-ноябрь күндөрү Газа тилкесинде гуманитардык тыныгуу жарыяланган маалда ХАМАС 100дөн ашык туткунду бошоткон. Аймакта согуштук аракеттер 1-декабрда кайра жанданган жана тараптар буга байланыштуу бири-бирин күнөөлөгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости