www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) орун алган авариядан жабыркаган эки жарандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Haberler басылмасы Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Дашка шилтеме берип жазып чыкты.

"Чындыгында жарааттар абдан оор. 60%дан ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз дароо аларды дарылоого кириштик. Азыркы учурда бейтаптарды хирургиялык жана медикаментоздук дарылоо жүргүзүлүүдө. Дарылоо узак убакытка созулат", - деди дарыгер.

Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу оорукананын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут кабарлагандай, тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери хирургиялык реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы туруктуу.

Эске сала кетсек, 4-февралда Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркаган эки жаран, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости