www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 Гүлмира Каримовна, сиз билим берүү жана илим министри болуп келгенден бери коомчулуктун сынынан башыңыз чыкпады. Эмне үчүн? Иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүңүздүн кесепетинен сөзгө калып жатканыңызды ойлонуп көрдүңүзбү? Же көрө албастардын чыгарган ушагы катары кабылдап, «мурдуңузду балта кеспей» жүрөбү? Деги эле министр болуп келгенден бери оозго аларлык эмне иш бүтүрдүңүз? Бир-экөөсүн мисалга тартып, чеке жылытаарлык жаңылык айта аласызбы?

Сиз реформаны кыргыз тили менен кыргыз адабиятын кыскартуу деп билесизби? Бул кыргыз улутуна карата чыккынчылык экени эсиңизге келдиби? Мындай ишти билбестиктен улам жасап жатасызбы же атайын кыянатчылык менен баарын билип ишке ашырганы турасызбы? Сизди кыргыз тилине душман деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Өзүңүздү кыргызмын деп эсептебейсизби? Ишке ашпаган демилгелерди көтөрүмүш болуп, илең-салаң болуп арабөк абалда иш алып баргандан уяласызбы?

Окууну 10-сентябрга жылдырып, окуучуларды 12 жыл окутканда кандай ийгиликке жетебиз? Факты, аргумент келтирип бере аласызбы? Сизди Икрам Илмиянов кызматка коюп калкалап келет деген сөздөргө ишенсе болобу? «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабай» турганын эске алганда, азыр дагы калкалап жатабы же «крыша» алмаштырдыңызбы? Чын-бышыгын ачыктап, ак же көк деп айтсаңыз?

Булак: “Фабула” 

Последние новости