www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлчехра Оморова Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулганы боюнча анын апасы Максуда Оморова пикир билдирип, муну Эмгек кодексин бузуу катары баалады. Ал 7-апрелде "Фейсбукка" көлөмдүү пост жазып, кызы "Ак үйдүн, Башкы прокуратуранын буйруктарын аткарбаганы үчүн" кызматтан кетиришкенин билдирди. Өзү да 20 жыл Бишкекте сот тармагында иштегенин, шаардык соттун төрагасынын орун басары да болгонун белгилеп, бийликтегилер сотторго көрсөтмө берээрин жазды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык маалымат агенттиги билдирет.

Максуда Оморованын билдирүүсү коомдук ишмерлер арасында да талкууга түшүп, соттордун ишмердиги ар кандай пикирлерге жем таштады.

Оморованын өзүнөн жана Башкы прокуратурадан азырынча бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматынан 3-апрелде бошоткон.

Президенттик аппараттын маалыматык саясаты бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын жарлыгына Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу негиз болгон. Сунушта Оморованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу өтүнүчү келтирилген. Ошол эле учурда мындай сунуш киргизүүгө эмне себеп болгону жазылган эмес.

Гүлчехра Оморова "Zanoza.kg" сайты боюнча соттук отурумда төрайымдык кылганы менен белгилүү. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирүү тууралуу Башкы прокуратуранын арызын караган Оморова журналист Нарын Айыпты экс-президентке 3 млн. сом төлөөгө өкүм кылып, макаланы төгүндөөгө милдеттендирген.

Буга байланыштуу Гүлчехра Оморованы адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун "кара тизмесине" кошушкан. Тизменин түзүүчүлөрү андагы 23 судьяны иштен алууну президенттен талап кылышкан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости