www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 66 жашта. Жашы 80ди чамалаган Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен таасири күчтүү. 1986-жылы декабрда же казакча желтоксанда Алматыда казак Динмухаммед Кунаевдин ордуна улуту орус Колбин келгени үчүн казак жаштары көтөрүлүп Желтоксан окуясы болгон. Ошонун негизинде Назарбаев бийликке келген. Эми «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митингине 80дей киши келген. Алар негизинен саясий системаны алмаштырып, супер президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүүнү талап кылышты. Азырынча активисттердин талабына казак бийлиги жооп бере элек. Алматыдагы негизинен жаштар катышкан бул жыйын бийликтен уруксат алынбастан эле өткөрүлгөн. Чогулгандар Абай аянтынан Республика аянтына чейин жөө жүрүш да жасашты. Алардын колунан «Сүйлөө үчүн уруксат албайм», «Биригүүгө убакыт келди», «Парламенттик республика» деген жазууларды окууга болот. Ал түгүл тили курч айрымдары «Гүл өссө жердин көркү, чал кетсе элдин көркү» деген жазууну кармап алышкан.

Ушул эле күнү баш калаа Нур-Султанда да митинг өтүп жатты. «Республика» кыймылы уюштурган иш-чарага бийлик уруксат берген экен. Митингде саясий негизде камакка алынгандарды бошотуу, Кытайдагы казактардын маселесин көтөргөн активисттерди куугунтуктоону токтотуу жөнүндө да талаптар айтылды. Эки шаардагы жыйынга полиция кызматкерлери көз салып турушту. Активисттер сырттан байкоо салгандардын арасында атайын кызматтын адамдары бар экенин айтып жатышты. Казакстанда буга чейин боло келгендей митинг учурунда эч ким кармалган жок. Кийинчерээк гана бир нече активист кармалганы тууралуу маалымат тарады.

Казакстан эгемендик алгандан бери күчтүү президенттик башкарууда жашап келет. Өлкө кош палаталуу парламентке ээ. Парламент өз алдынча орган катары Конституцияда белгиленгени менен иш жүзүндө Нурсултан Назарбаевге баш ийет деп сындалып келет. Бул тууралуу ишембидеги митингде да айтылды. Ушул тапта жогорку палата – Сенатта экс-президенттин кызы төрайым. Ал эми төмөнкү палата Мажлистеги мандаттардын 80% «Нур-Отан» партиясы ээлейт. Партияны 20 жыл мурда Нурсултан Назарбаев түптөгөн. Ал киши президенттиктен кетсе да бийликти колдогон «Нур-Отандын» лидери бойдон кала берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости