www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча бүгүн ал өлкөгө сапар жасайт. Бул тууралуу маалыматты трт.нет кабарлады. 

Маалыматка караганда, Эрдоган, Трамптын чакыруусу боюнча 12-13-ноябрь күндөрү АКШга иш сапары менен барат.

Эрдоган сапарынын алкагында АКШнын президенти Трамп менен жолугат жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылат.

Жолугушууларда Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралат. Сапардын алкагында Сирия баш болгон аймактык жана маданий маселелердин кеңешилиши, айрыкча терроризм менен күрөшүүдө колдоо, кызматташтык жана координациянын күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган так кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Жолугушуунун алкагында АКШнын Соода палатасынын кожоюндугунда уюштурула турган жыйналышта ишкерлерге кайрыла турган Эрдоган, Мэриленд штатында орун алган Америка Диний борборуна барып түрк атуулдары, түрк тектүү америкалыктар жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости