www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили абактагы ачкачылык акциясын токтотконун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Саакашвилиге ачкачылыкты токтотууну «2014-жылдан бери Украинаны коргоп келген грузин согушкерлери», ошондой эле өзү менен дайыма байланышта болгон Украинанын Жогорку командачылыгы талап кылышкан.
"Азыр бизге алсыздыктын ордуна акыл-эс, ден-соолук жана толук мобилизация, күч керек. Жеңишти толук даярдыкта тосуп алышыбыз керек!”, — деп билдирген саясатчы.
Белгилей кетсек, Саакашвили грузин бийлигинин аракеттерине жооп иретинде 21-февралда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg