www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайда болбосун колу туткактар жашоого зыянын тийгизип келээринде эч шек жок. Минтип айтып жатканыбыздын бир себеби, Финдер бизге бере турган 400 миң долларын ууруларга уурдатып жиберип, убадага тура албай калышканы жаман ичти күйгүздү.

Ал акча такталбаган маалыматтарга караганда грант түрүндө келмек экен да. Кап, аны келет деп күтүп жаткан билермандардын шаштысы кетип, ууруларды ашата сөгүп жатышса керек.

 Анткени андай грант түрүндө келген акчалар качан эле элге кызматк ылчу эле. Келгенде эле кумга сиңген суудай жок болуп кетип, дайыны билинбей калып эле жатпайбы. Келип калса кимдир бирөөнүн салынып жаткан хан сарайына кереги тийет беле ким билет? Андай келген акчаларды эбин тапкандар бөлүп алышары турган иш экенин жашырганга деле негиз жок.

Айткандай ошончо сумманы уурдатып жиберген Финдердин билермандары да биздин элдин билермандарындай шалаакы белем. Болбосо, “беребиз” деп убада кылышкан соң, бериш керек эле го, биздин чоңдорду үмүттөндүрбөй.

Уяты болсо финдер ууруларды таап, берип калышар деп үмүттү үзбөй тура туралычы, жаман жорукту баштабай.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости