www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары расмий ант беришип өз милдеттерине киришкенине бир жума болду. Бул аралыкта кимдерди шайлап алганбыз деген суроолор эмитеден эле айтыла баштады. Демек, мөөнөттөрү аяктаганча далай кызыктарга күбө болор турганыбыз айкын көрүнүп калды. 

Мына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева: “Ортокто күн чыгарган лампалар эметилет экен го, тиги да күн”, - деген сөздөрү коомдо кызуу талкууланып жатат. 

Чынында, эмнени айтайын дегенин уккан эл түгүл, өзү дагы түшүнгөн жок окшойт. Мына депутаттын деңгээли... Эмне демекчибиз, эми нааразы болу турган жөнүбүз жок. Ал түгүл акыбыз, укугубуз да жок. Себеби, шайлоодо татыктуу деп эл өзү шайлаган. Демек, наалып, нааразы болуп кокуйлап жер муштагандан эч нерсе өзгөрбөйт. 

Элибизде “эшегине жараша тушагы” деп орой, бирок ачуу айтылган накыл бар. Баарына эл өзүбүз күнөөлүбүз, кетмендин башын тебелей бергенден жалыкпаган.

Последние новости