www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө жерди убактылуу пайдаланууга берүү дээрлик бардык өлкөлөрдө кеңири таралган практика. Албетте, инвестор өзүнүн каражатын бир долбоорго салуу үчүн узак мөөнөттүү пайдаланууну артыкчылыктуу деп эсептейт, - дейт ЖК депутаты Гүлшаркан Култаева.
Ага кошумча, ири суммадагы каржы салгандан кийин банктык каржылоого жетүү, эл аралык инвесторлордун ишенимине ээ болуу, кошумча инфраструктураларды куруу, ошондой эле салынган каражатты кайтаруу сыяктуу ар тараптуу себептерди эске алып, инвесторлор туруктуу өнүгүү долбоорлорун ишке ашырышат.
Мисалы, Европа, АКШ, Улуу Британияда иштин багытына жараша жерлерди 50 жылдан 99-100 жылга чейин убактылуу пайдаланууга беришет. Ал эми Кытайда бул мөөнөт 40-50-70 жылга,Россияда болсо 49 жылды түзөт.
Ошондуктан мен ойлойм: жер мамлекеттики бойдон калып, убактылуу пайдаланууга берилсе, эч кандай кооптонууга негиз жок. Анткени ишке ашкан ар бир инвестициялык долбоор импортко көз карандылыкты азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканын жана улуттук валютанын туруктуулугун сактоого өбөлгө түзөт, - дейт депутат Култаева.
Эске сала кетсек, Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык жер тилкелерин улуттук инвестициялык долбоорлор үчүн өзгөчө учурларда түз сатууга эмес, узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштаган. Долбоорго ылайык, жер мамлекеттин менчигинде калып, инвесторлорго белгилүү мөөнөткө пайдаланууга берилет. Демилге коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар жердин узак мөөнөткө пайдаланууга берилишине байланыштуу кооптонууларын билдиришкен.