www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк мунай баалары олуттуу төмөндөдү. 27-июлда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы эл аралык биржаларда бир баррели 86,8 АКШ долларына чейин түштү.

Бул көрсөткүч мурунку күндүн жабылышындагы баага салыштырмалуу 5,24%га төмөн экенин Investing.com платформасынын маалыматы көрсөтөт.

Төмөндөө америкалык WTI үлгүсүндөгү мунайга да таасир этти: сентябрь айындагы фьючерстердин баасы 0,5%га арзандап, бир баррели 84,7 АКШ долларын түздү.

Ал эми 23-июлда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 22-майдан бери биринчи жолу 100 АКШ долларынан ашкан. Соода башталгандан бери баа 6,134%га өсүп, соода көлөмү 221 495 келишимге жеткен.

Мунай баасынын өсүшү дүйнөлүк рыноктогу мунай жеткирүүгө байланышкан тобокелчиликтерге, ошондой эле негизги өндүрүүчү өлкөлөрдүн жана экспорттук каттамдардын айланасындагы кырдаалга инвесторлордун көңүлү күчөгөнүнө байланыштуу болгон.

Последние новости