www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шектелген өгөй атасы Евгений Бертрам күнөөлүү деп табылып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, анын үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын катаал режимдеги абакта өтөйт.
Эскерте кетсек, былтыр 30-октябрда Бишкектеги мектептердин биринде 11-класста окуган Попова сабакка бараткан маалда жоголуп, ошол күнү кечинде сөөгү шаардын четинен табылган. Бул үрөй учурган окуяга шек саналып анын өгөй атасы ошол эле күнү Ысык-Көлдө кармалган.