www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гиза пирамидалары миңдеген жылдардан бери сырлары менен адамзаттын көңүлүн буруп келет. Алар жөн гана таш курулуш эмес, доорлор аралык мистикалык символ катары да таанылган. Бирок айрым легендалар биздин билген тарыхты толугу менен өзгөртө тургандай сыяктуу.
Дегенибиз, айрым маалыматтарга караганда, Гиза пирамидаларынын астында тереңде «Чексиз сактагыч» (Abyssal Vault) деп аталган чоң жертөлөө комплекси жайгашкан. Дээрлик доистордук доорго (тарыхка чейинки мезгил, же жазма эмес, оозеки салт, символдор, белгилер аркылуу жеткен маалыматтар) таандык деп эсептелген тексттерде бул жай жөнүндө “цилиндрге окшош узун камералар жердин 600 метрге жакын тереңдигине созулуп, өзгөчө вибрацияларды түзөт, алар адам кулагына угулбайт” деп айтылат.
Бул легендалар чынбы же мифпи деген суроо дайым талкууланат. Бирок акыркы геосканерлөө ыкмалары Гиза платосунда бир топ таң калыштуу түзүлүштөрдү көрсөттү. Аномалиялуу боштуктар, вертикалдык структуралар, алардын ичинде узун формадагы жана металлдык камералар табылганы расмий түрдө белгиленген. Илимпоздор азырынча бул табылгаларды легенда менен байланыштырышпайт. Бирок алардын дал келиши окурмандардын кызыгуусун гана арттырат.

Египет өкмөтү пирамидаларды изилдөөдө абдан сак. Айрым аймактарга кирүү чектелген. Казуу иштери узак макулдашуу талап кылат. Кээ бир көз карандысыз изилдөөчүлөр муну тарыхтын расмий версиясына каршы маалыматтарды жашыруу катары баалашат. Арийне, пирамидалар адам акылмандыгынын символу гана эмес, ошондой эле көптөгөн сырларды ичине каткан казына катары бүгүнкү күнгө чейин кызуугаларды жаратып келет. Мындан ары дагы канча кылым бул сырдуу жайды иликтегендердин аягы үзүлбөйт десек жарашат.
