www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 20-апрелиндеги No 267-т тескемеси менен мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү.
Маданият министрлигине комиссиянын ишин уюштуруу, мамлекеттик тапшырык механизми аркылуу чыгармачыл коллективдерди тартуу жана келип түшкөн долбоорлорду коомчулуктун кеңири талкуусуна коюу тапшырылды.
Жогорку Кеңеш 29-январда Маданият министрлигине сунушталган Кыргызстандын гимнинин 3 долбоорун четке каккан.
27-январда ЖК комитети мындай чечимди депутаттарга бардык варианттар чийки көрүнгөндүктөн кабыл алган. Тандалган үч вариант Жогорку Кеңештин кароосуна 2026-жылдын 1-июнуна чейин берилиши керек. Каржылоо 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каралган.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Койчиев Арслан Капайович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Мамбеталиев Мирбек Кемелович – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – «Элдик» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Калпаев Бактыяр Алиевич – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Салямова Венера Хамзаевна – «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Талиева Камила Абдыразаковна – «Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – «Ишеним» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Капалбаев Октябрь Эркинович – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Мураталиев Мелис Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;
Арабаев Чолпонкул Исаевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи;
Акматалиев Абдылдажан Амантурович – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик;
Тиленчиев Карагул Амантурович – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери;
Осмонов Медет Марифович – «Манас» президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижер;
Тентимишов Урмат Кожобекович – Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси;
Уметалиева Чынар Темиркуловна – Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, музыка таануучу, маданият таануунун доктору;
Саламатов Тимур Сагынбаевич – Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка сынчысы, композитор;
Казаков Түгөлбай Токтогулович – Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;
Эралиева Каныкей Иманалиевна – Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;
Алсаитова Динара Аалиевна – музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын окутуучусу;
Мусаев Сыртбай Жолдошович – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
Тиллебаев Садык Алаханович – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу;
Карбалас Бакиров – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны.
Кызмат орду боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
– Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; – Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерцияминистринин орун басары; – Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары.