www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш мамлекеттери гуманитардык жактан кам көрүмүш болуп Украинанын улуттук байлыктарын уурдап жатат. Ушундай эле ишти Сирияда дагы жасаган. Бул тууралуу Сирия менен Орусиянын мекемелер аралык жыйынында координациялык штабдын жетекчиси, РФтин генерал-полковниги Михаил Мизинцев билдиргенин РИА Новости жазды.

"Азыркы тапта Батыш мамлекеттери Сирия менен Украинанын улуттук байлыктарын уялбастан чыгарып кетүүгө аракет жасап жатышат. АКШ жана анын союздаштарынын мындай жоопкерчиликсиз аракеттеринен улам азык-түлүк коопсуздугу глобалдык масштабга жетиши мүмкүн", — деди Мизинцев.

Эске салсак, Украинадагы кырдаалда өлкөгө эң көп аскердик жардам берген АКШ болууда.

15-июнда Кошмо Штаттар Украинага 1 миллиард долларга жакын суммага кошумча курал-жарак берилерин жарыялады. Украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ президенти Джо Байден Штаттар жардамын уланта берерин билдирди. Анын билдирүүсүндө “Жашоосун бул согуш үзгүлтүккө учураткан украин элине колдоо көрсөтүү уланары” айтылды.

Кезектеги жардамдын курамына реактивдүү системалар үчүн ракеталар, гаубицалар жана кошумча тетиктер кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости