www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын деңиз күчтөрү Улуу Британиянын жана башка союздаш күчтөрдүн колдоосу менен Атлантика океанында Орусиядан келген жана эл аралык санкцияларга кабылган мунай ташуучу танкерди кармап токтотушту.

Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагында жазды.

«Кечээ эртең менен Франциянын деңиз күчтөрү эл аралык санкцияларга кабылган жана Орусиядан келген дагы бир мунай танкерин – “Tagor” кемесин кармады. Биздин чечкиндүүлүгүбүз өзгөрбөйт», – деп билдирди Макрон.

Президент Франция эл аралык санкцияларга баш ийбеген кемелердин аракетин кабыл алынгыс деп атады. Ал мындай кемелер айлана-чөйрөгө да, жалпы коопсуздукка да коркунуч жаратарын белгиледи.

Последние новости