www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-июлунда Франциянын “Шарль де Голль” авианосец кемеси Тулон шаарындагы туруктуу базасына кайтып келди. Бирок Франциянын деңиз күчтөрүнүн бир бөлүгү Жакынкы Чыгыш аймагында калды.
Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон “X” социалдык тармагында билдирип, өлкөнүн мурда Ормуз кысыгынын аймагына миналарга каршы күчтөрдү жөнөткөнүн эске салды. Ага эки минаны тазалоочу кеме, эки фрегат жана бир деңиз патрулдук учагы кирет.
Макрондун айтымында, бул күчтөр өнөктөштөр менен биргеликте Ормуз кысыгынын айланасында деңиз коопсуздугун камсыз кылуу жана кеме каттамдарын толук калыбына келтирүү максатында даярдыкта турат.
Франция лидери аймактагы кырдаалдын өзгөрүшү жана дипломатиялык процесстердин өнүгүшү аскердик жайгаштыруудагы өзгөрүүлөргө себеп болгонун белгиледи. Ал 17-июнда АКШ менен Иран ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумун регионалдык туруктуулукка карай маанилүү кадам катары баалады.
Макрон ошондой эле бул чечим Оман султаны менен кеңешүүлөрдөн кийин жана учурдагы оперативдик муктаждыктарды эске алуу менен кабыл алынганын кошумчалады.
Авианосец тобу кайтарылганына карабастан, миналарга каршы француз күчтөрү жана аларды коштогон бөлүктөр аймакта калып, союздаштар менен биргелешкен операцияларга даяр абалда турат.
Франция президенти өлкө аймактагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантарын жана коопсуздук шарттарына жараша аскердик катышуусун өзгөртүп турарын билдирди.