www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский Европа 2030-жылга чейин эле Россия менен жаңжалга түрткү бере турган жагдай жаралышы мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, Европа аскердик даярдыгын күчөтүп, Россияны негизги коркунуч катары көрсөтүп жатат. Полянский мындан тышкары жаңы чагымдар болуп кетсе, кырдаал күтүлгөндөн эрте курчушу мүмкүн экенин айтты.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлиги да Батыш 2030-жылдарга карата Москва менен мүмкүн болуучу кагылышууга даярданып жатканын билдирген. Ал эми тышкы иштер министри Сергей Лавров азыркы эл аралык кырдаал НАТО менен Россиянын түздөн-түз тирешүү коркунучун күчөтүп жатканын белгилеген.