www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги 2026-2027-жылдары Украинага 90 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта расмий билдирип, чечим саясий деңгээлде кабыл алынганын белгиледи. Бирок каражаттын так булагы азырынча ачык айтылган жок.
Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин айтымында, кеп Украинага пайызсыз насыя берүү тууралуу болууда. Бул каражат Киев тарабынан Орусия кенемте төлөгөндөн кийин гана кайтарылышы мүмкүн. Ага чейин Орусиянын тоңдурулган активдери мурдагыдай эле колдонулбай сакталат.

Бул демилге биримдик ичинде бирдей колдоого ээ болгон жок. Венгриянын премьери Виктор Орбан бул чечимди кескин сындап, аны “асманга чачылган акча” деп атады. Ал Венгрия мындай механизмге катышпаганына канааттанганын билдирди.

Арийне, Европа лидерлери Орусиянын тоңдурулган активдерин толук конфискациялоо боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Еврокеңештин саммитинин жыйынтыгында бул тема расмий билдирүүгө да киргизилген жок.

Учурда Евробиримдик аймагында 200 миллиард евродон ашык орусиялык актив тоңдурулган. Алардын негизги бөлүгү Бельгиядагы Euroclear системасында сакталууда. Бирок Бельгия бийлиги бул каражаттарды Украинаны каржылоого пайдаланууга каршы болуп келүүдө.

ЕБ Украинаны канча керек болсо ошончо убакыт колдоого убада бергени менен ички ресурстары улам чектелүү болуп баратканы байкалууда. Биримдикке кирген көп өлкөлөр өз бюджетинен кошумча каражат бөлүүгө даяр эмес. Согуш уланган сайын, каржылоонун баасы да өсүп барат.

Последние новости