www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик Украинага 90 млрд евро насыя бөлүү боюнча акыркы чечимди 22-апрелде кабыл алууга ниеттенип жатат.
Бул тууралуу Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан Кипрдин расмий өкүлдөрүнүн бири AFP агенттигине кабарлады.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери быйыл 23-февралдагы жолугушууда Орусияга каршы санкциялардын 20-пакети боюнча бир пикирге келе алган эмес. Венгрия Орусияга каршы санкциянын 20-пакетин жана Украинага насыяны бөгөттөгөн.
Венгрия, Словакия жана Чехия бул насыяга кепилдик берүүгө да макул болгон жок. Алар Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн Украинага колдоосун сынга алып, муну "тынчтыкты көздөө аракети" катары түшүндүргөн. Алардын бул позициясы эл аралык коомчулукта көп учурда "орусиячыл саясат" катары сыпатталып келет.