www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 20-декабрдан 22-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Атап айтканда:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;
198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусу.
Аталган жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.