www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-августта Вефа соода борборунда эскалатордун 2-кабатынан кулаган бала 12-сентябрда, сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды.

2021-жылы туулган А.Б. оор абалда Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшүп, өмүрү үчүн күрөш башталган.

Ошол замат оорукананын башкы дарыгери менен биргеликте министр өз көзөмөлүнө алган. Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракети менен оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп, ойноп, чуркай алган абалга келди.

Бала бүгүн шаардык балдар ооруканасынан чыгар алдында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык мекемеге келип, анын абалынан кабар алды. Министр, бала менен баарлашып, анын сүйлөп, ойноп, эркин кыймылдап калганына күбө болду. Ошондой эле баланын өмүрүн сактап калууга жана ден соолугун калыбына келтирүүгө салым кошкон балдар дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Бала ооруканага баш мээнин оор жаракаты, баш сөөгүнүн сыныктары, мээнин шишиги, сол жак төбө бөлүгүндөгү эпидуралдык гематома жана башка оор жаракаттар менен түшкөн.

Бейтап эс-учун билбеген өтө оор абалда болгондуктан, нейрохирургдар тарабынан шашылыш операцияга алынган. Туура жасалган операция баланы бир жумада эс-учуна келтирген.

Ийгиликтүү операциядан кийинки дарылоо мезгилинде медицина кызматкерлери баланын абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, керектүү дарылоо жана реабилитациялык жардамдарды көрсөтүштү.

11-августтан 12-сентябрга чейин ооруканада жаткан бала дарыгерлердин кесипкөйлүгү жана тынымсыз эмгегинин натыйжасында ден соолугун калыбына келтирди. Ар бир дарыгер ар бир баланын сакайып чыгышына жан үрөйт, сактап калганга аракет кылат.

Министр реанимация бөлүмүндө дарыланып жаткан башка балдардын да абалы менен таанышты.

Дарыгерлер үчүн ар бир сакайган бала, чоң жеңиш. Бул окуяда да дарыгерлердин чечкиндүү аракети, операциянын ийгиликтүү өтүшү жана медицина кызматкерлеринин күн-түн дебей жасаган эмгеги өз жемишин берди. Бир ай мурун өмүрү үчүн күрөш жүргөн бейтап бүгүн өз алдынча басып, сүйлөп, ойноп, үйүнө ата-энесинин мээримине кайтып жатат.

Последние новости