www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Фергана шаарынан эшек союп, этин саткан касапкана табылды. Алар, эшектин этин бир нече кафелерге жана самсаканаларга тараткан.

Үч адамдан турган кылмыштык топ, ар бир эшекти 250-300 миң сумдан сатып алып, 25-30 миң сумдан эттин килограммдап саткан.  Эшектин этин «Ягона» чайханасы менен  Фергана шаарындагы «Мурод Тургуновтун» ашканасы көп пайдаланышкан.

Кардарлар эшек этинен көбүнчө самсы жасашкан. Жергиликтүү органдар текшерүүдө “ресторан жана чайханада кызмат кылгандар эшектин этин иштеткендерин билишпейт” деген жыйынтыкка келишкен.

Бирок ресторан менен чайханалардын ээлери эшек этин саткан топ менен байланышы болушу мүмкүн деп кошумчалаган.

Эске сала кетсек, эшек этин жеген адамдар түрдүү ичек оорууларына жана бруцеллез ооруусуна чалдыгып калышы толугу менен мүмкүн экендигин адистер айтып чыгышты.   

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости