www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең менен болгон катуу шамалдан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир катар обьектилер зыянга учурап, бактар кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Акыркы сааттардагы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жалпы 2 мектеп, 7 турак үй, 3 көп кабаттуу үй, 1 сарай, 1 турак үйдүн дубалы, 2 унаа, 4 дарак жабыркаган.

Учурда ӨКМдин райондук ыкчам топтору Жарандык коргонуу комиссиялары менен жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ленин районунун Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү чатырды коопсуздандыруу аракетин көрүүдө.

Последние новости