www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында жайгашкан жеке ишкер Турганбаев Бекжандын фермерлик чарбасына барды.

Иш сапарынын жүрүшүндө министр чарбанын ишмердүүлүгү, мал чарбасын жүргүзүү шарттары жана айыл чарба жерлеринин пайдаланылышы менен жеринен таанышты. Чарбанын жалпы айдоо аянты 67 гектарды түзөт. Анын ичинен 20 гектары сугат жер, ал эми 42 гектары кайракы жер болуп саналат.

Фермерлик чарбада учурда 100 баш ири мүйүздүү мал багылып, анын 56сы саан уйлар. Мал негизинен Бурый Швиц породасына таандык. Чарбада малды кармоо жана тоют даярдоо үчүн бардык зарыл инфраструктура түзүлгөн. Тактап айтканда, мал сарайлары, навестер, короолор, чөп сактоочу жайлар жана дан сактоочу кампалар бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө фермер чарбанын ишине байланыштуу айрым маселелерди көтөрдү. Министр Эрлист Акунбеков аларды жеринде карап чыгып, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнө ыкчам тапшырмаларды берди. Натыйжада айрым маселелерди кыска мөөнөттө чечүү боюнча конкреттүү чаралар белгиленди.

Белгилей кетсек, мындай фермерлик чарбалар аймактарда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, калкты сапаттуу айыл чарба продукциясы менен камсыздоого жана айыл жергесинде иш орундарын түзүүгө маанилүү салым кошууда.

 

Последние новости