www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сизди өзүмдүн жана элимдин атынан туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жакындарыңыз менен бирге ден соолукта жана бейпил жашоодо узун өмүр сүрүүңүздү каалайм.

Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн мамилелерибиздин, орток тилге, тарыхка, маданиятка жана ишенимге таянган эки элдин колдоосу менен, күн сайын өнүгүп жатканын көрүү мага чоң кубаныч тартуулоодо.

Учурдан пайдаланып, 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кыргыз өкмөтү жана бир тууган кыргыз эли үчүн жакшылыктын жышааны болуусун тилейм.

Сизди дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктап, чың ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

Последние новости