www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту. Анын жыйынтыгын түрк лидери РФ башчысы Владимир Путин менен талкуулоо ниети бар экенин РИА Новости жазды.

Түркиянын башчысы Украинанын Львов шаарына келген. Жолугушууга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышты.

Сүйлөшүүдөгү урунттуу учурлар:

Түркия Украинадагы инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берет, меморандумдарга эки өлкөнүн тиешелүү министрлери кол койгон;

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Запорожье АЭСинин жарандык макамын калыбына келтирип, аймактын коопсуздугун камсыздоо боюнча тез арада макулдашууга чакырган. Ал объект аскердик операциянын алкагында колдонулбашы керектигин белгилеген;

Президенттер азык-түлүк келишими, коргонуу маселеси тууралуу кеп кылышкан;

Эрдоган маалымат жыйында "бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгына Путин мырза менен баа беребиз" деген.

Владимир Зеленский жолугушуудан кийин Москва менен сүйлөшүү орус аскерлери Россия көзөмөлдөгөн аймактардан чыгарылгандан кийин гана мүмкүн экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости