www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жыйынында Израилге каршы кескин билдирүү жасады. Ал Израиль Жакынкы Чыгышка гана эмес, жалпы адамзатка да коркунуч жаратып жатканын айтты.
Эрдогандын айтымында, Анкаранын сионизмге каршы күрөшү Түркия үчүн улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Ал ошондой эле Израилди аймактагы согушту кеңейтүүгө аракет кылып жатат деп айыптап, Газадагы согуш башталгандан кийин Түркия Израилдин товарларына каршы соода бойкотун киргизгенин эске салды.
Бул билдирүүлөр Израиль Түркияга карата жаңы кадам жасашы мүмкүн деген маалыматтардын фонунда айтылды. Израил өкмөтү тышкы иштер министри Гидеон Саардын Осмон империясындагы армяндардын геноцидин расмий таануу боюнча демилгесин карашы мүмкүн.
Ошондой эле Эрдоган Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги өз кызыкчылыктарына жана түрк кипрликтерине коркунуч туудурган аракеттерге катуу жооп кайтарарын эскертти.