www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинада Россиянын күчтөрү жакындаган Европанын эң чоң станциясы Запорожье атомдук станциясында кагылышуулардын натыйжасында өрт чыкты. Бул тууралуу ттрт.нет кабарлады.
Станциянын коопсуздук камераларынын YouTube аркылуу берилген түз эфиринде түнкү сааттарда станция аянтында жарылуулар жана бири – бирине карата ок атуу жарыктары көрүндү. Жарылуулардан кийин станция аймагынан түтүндүн чыкканы камераларга чагылды.
ТЭЦ жайгашкан Энергодар шаарынын мэри Дмитрий Орлов билдирүүсүндө электр станциясына жасалган чабуулдарды тез арада токтотууга чакырды.
"Чернобылдан 10 эсе чоң коркунуч пайда болду"
Украинанын тышкы иштер министри Кулеба: "Эгер Запорожье атомдук станциясы жарылса, Чернобылдан 10 эсе чоң коркунуч жаралат",- деп эскертти.