www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макронду жубайы Брижит Макрон жаакка чаап жиберген видео тараган.
Франциялык BFM RMC басылмасы видеонун аныктыгын Елисей сарайы тастыктаганын билдирген. Алар тепкичтен түшүп баратканда Макрондун жубайы ага колун сунуудан баш тартканы да белгиленген.
«Президенттин жакын досу жубайлардын ортосундагы анча-мынча чыр-чатак болуп кеткенин айтты»,- деп жазган француз маалымат каражаттары.
Макрон өзү бул боюнча комментарий берди. «Жубайым менен тамашалашып жатканбыз. Бул геопланетарлык катастрофа болгондой болду», — деди ал.