www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык социализм - бул биздин жашообуздун эң эле адекваттуу формасы, биздин мүмкүн болгон өнүгүүбүздүн негизи. Анткени, биз көзү азиздердей элебиз. Көзү азиз адам эч нерсени көрбөйт, ал айланасындагы дүйнөгө толугу менен көз каранды. Каякка жетелесе, ошол жакка басат, түртүп ийсе кулап түшөт дегендей. Ошондуктан биз көзү азиз адам сыяктуу болгонду токтотушубуз керек... Тарых эмнеси менен жакшы?.. Албетте, тарыхты көрүп-билип болбойт. Мындан 29 жыл илгери, тагыраагы Советтер Союзу тарап кеткенде баары кыйналган. Бизге да таптакыр башка доор келгендей сезилген. Башкача жашоо, жашоонун таптакыр башка эрежелери келгендей туюлган.
Биз геосаясий батыштын, дүйнөлүк капитализмдин, буржуазиялык жашоо образынын жеңиши артка кайткыс деп ойлогонбуз. Биз өзүбүздүн каалоолорго, шарттарга жараша ага көнгөндөй болдук. Жашоого аракет кылып аттык. Бирок биз бул жылдар аралыгында көп нерселерди байкап, тажрыйбалап көрдүк, биз дайыма ар бир мамлекетте, кайсы болбосун маданиятта, элде кандайдыр эске алынбаган өзөк же пайдубал бар деп туйчубуз. Өзгөрүүлөр «рацио» жана күндөлүк турмуштук деңгээлдерде болуп келүүдө. Ал эми өзөк менен пайдубалдын өзүнүн мыйзамдары болот тура. Ал баары бир коомго, өлкөгө, ар бир адамга өзүнүн жашыруун императивдеринин үстөмдүгүн жүргүзүп турат экен. СССРдин кулаганына 30 жыл өткөндөн кийин, дүйнөдө эмнелер болуп жатканын, эмнелер болгонун эске алып айта турган болсок, бизге, постсоветтик Евразия өлкөлөрүнө социализм жакын окшобойбу. Аны албетте, ар кандай атаса болот, бул саясий-экономикалык категория да 19-кылымда батыштан келгендиги түшүнүктүү, бирок бизге социализм жакын. Ошол эле мезгилде, биз бул 30 жылдык убакытта көп нерсе өзгөрдү деп ойлодук, өзүбүз өзгөрдүк, аң-сезим өзгөрдү, балким, социализм мурдагы классикалык советтик формада болуудан калды. Бул эми тарыхый алып салынган нерсе. Ошондуктан, биз жаңы социализм, шарттуу айтканда, демократиялык-социализм болсо деп ойлодук. Мында демократиялык социализм жөнүндө сөз болуп атат. 21-кылымдын оорчулуктарын, адам ресурстарын, адамдык материалдардын сапаттарын эске алган социализм. Бул бир жагынан, экинчи жагынан - бул евразиялашуу десем жаңылышпайм. Биздин оюбузча, евразиялык социализм - бул биздин жашообуздун эң эле адекваттуу формасы, биздин мүмкүн болгон өнүгүүбүздүн негизи, анткени, биз көзү азиздердей элебиз. Көзү азиз адам эч нерсени көрбөйт, ал айланасындагы дүйнөгө толугу менен көз каранды. Каякка жетелесе, ошол жакка басат, түртүп ийсе кулап түшөт. Ошондуктан биз көзү азиз адамдардай болгонду токтотушубуз керек!..
Булак: "De-facto"