www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургундары эми жайдын аптабында коомдук транспортту кыйла ыңгайлуу пайдалана алышат. «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы шаардык автобустарды заманбап кондиционер системалары менен жабдуу планын жарыялады.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталында тиешелүү тендер жарыяланды. Климаттык жабдууларды сатып алууга жана орнотууга 144,27 млн сом каралган. Бул каражаттар шаардык транспорттук инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Модернизациялоо зарылдыгы жүргүнчүлөрдөн түшкөн көптөгөн кайрылууларга байланыштуу. Алар жай мезгилинде автобустардын ичинде абанын өтө ысып кетишине нааразы болушкан. Кондиционерлер орнотулгандан кийин шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн сапарлар кыйла ыңгайлуу болот деп күтүлүүдө.

Техникалык талаптарга ылайык, подрядчы муздатуу системаларын жеткирип, орнотуп гана тим болбостон, аларга кепилдик тейлөө кызматын да көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондой эле жабдуулар бүгүнкү күндө муниципалдык автопарктын негизги бөлүгүн түзгөн Yutong жана Ankai үлгүсүндөгү автобустардын электр системалары менен шайкеш болушу керек.

Мэриядан белгилешкендей, коомдук транспорттогу ыңгайлуулукту жогорулатуу шаардык транспорттук системаны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Долбоор ишке ашкандан кийин жүргүнчүлөр жайкы ысыкта жол жүрүүнү жеңилирээк көтөрө алышат.

Последние новости