www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-июнда Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен бак кулап, 23 жаштагы кыз жабыркаган. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Окуя Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон.
Жабырлануучу Улуттук госпиталга түшкөн. Анын бир кабыргасы сынган. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жиберилди.
Белгилей кетсек, күн мурун Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болуп, анын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен.