www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды жыйындарга жоопкерчилик менен катышууга чакырып, тартип күчөтүлөрүн ачык эскертти. Анын айтымында, жалпы жыйындарга же комитет отурумдарына жүйөсүз катышпаган эл өкүлдөрүнүн айлык маянасы кыскартылып, коомчулукка жарыяланат.
Төрага алдыда маанилүү мыйзам долбоорлору, анын ичинде 2026-жылдагы республикалык бюджет караларын белгилеп, депутаттардан пленардык жана комитеттик иштерге активдүү катышууну талап кылды. Негизги маселелер алгач тармактык комитеттерде дыкат талданып, андан кийин гана жалпы жыйынга чыгарылары айтылды.
Нурланбек Тургунбек уулунун депутаттарга карата катуу эскертүүсү коомдо колдоого татыктуу кадам катары кабыл алынды. Анткени эл өкүлдөрүн жыйындарга жүйөсүз катышпай коюу адаттарын калтыруу парламенттик тартипти бекемдөөнүн маанилүү шарты десек жарашат.
Себеп дегенде буга дейре “депутаттык креслону бизнесин калкалоо үчүн пайдаланган”, айлап-жылдап ишке келбей туруп маяна алган эл өкүлдөрү болуп келгени эч кимге деле жашыруун деле эмес. Мындай көрүнүш парламенттин кадыр-баркына шек келтирип, элдин ишенимин солгундатып келет. Андыктан, эл добуш берип шайлап, ишеним артып жиберген соң, иштеш парз. Жыйынга катышпоо жөн гана тартип бузуу эмес, шайлоочуларын сыйлабаган текеберлик болуп саналат.
Парламентте тартип орномоюн, сапаттуу мыйзам, натыйжалуу көзөмөл болбойт. Ошондуктан төраганын эскертүүсү, убагында айтылган коомдук талап. Эгер депутат эл үчүн иштегиси келбесе, жыйындарга катышпай, жеке кызыкчылыгын биринчи орунга койсо, анда ал орунду чындап иштегиси келгендерге бошотуп берүүгө тийиш. Анткени карапайым калк депутаттан конкреттүү иш күтөт. Демек, мандатты жеке бизнеске калкан кылып эмес, элдин маселесин көтөрүү үчүн пайдалануу учурдун талабы. Тартип бар жерде жоопкерчилик болот. Жоопкерчилик бар жерде элдин ишеними сакталат.
Ырасында, бул маселе Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн парламенттер үчүн актуалдуу болуп келген. Мына мисал катары айтсак, Европанын жана башка бир катар өлкөлөрдө депутаттык жоопкерчилик катуу регламенттелген.
Тактап айтканда, Германияда депутаттар жыйындарга системалуу катышпаса, компенсациялык төлөмдөрүнөн ажыратылат. Комитет иши негизги жумуш катары каралат. Улуу Британияда парламент мүчөсү добуш берүүгө жана комитетке катышпаса, коомчулукка ачык статистика жарыяланат. Мындан тышкары, шайлоочулар депутатты кайра чакыртып алуу укугуна ээ. Францияда депутат жыйындарды себепсиз өткөрүп жиберсе, айлыгы автоматтык түрдө кыскартылат. Бул талкууланбаган норма. АКШда рейтингдин түшүп кетүүсү негизги жаза болуп эсептелет. Японияда депутаттын жыйынга келбегени саясий маданиятта чоң абийирсиздик катары кабыл алынат. Коомдук сын көп учурда кызматтан кетүүгө чейин алып барат. Түштүк Кореяда парламент мүчөлөрүнүн катышуусу онлайн режимде ачык көрсөтүлүп, активдүүлүк саясий рейтингдин негизги көрсөткүчү катары каралат.
Демек, Кыргызстанда эми гана катуулукка өтүп жаткан чаралар өнүккөн парламенттерде көптөн бери норма болуп калыптанган. Дүйнө муну эбак түшүнгөн. Эми Кыргызстан да ошол жолго түшүшү керек.
Алмаз Темирбек