www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр К.Л. Сагынбаевдин Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хан Алтамаш Вазир менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек жана миграция тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Айрыкча Пакистан жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жана өлкөдө болуу шарттары, ошондой эле эки өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Конструктивдүү кызматташууну ырааттуу чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Министр көрсөтүлгөн багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп берерин жана эмгек миграциясын жөнгө салуунун ачык-айкын жана натыйжалуу механизмдерин калыптандырууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Ушул контекстте Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары жарандыгына карабастан бардык жарандарга бирдей колдонулары тастыкталды. Эмгек укуктары бузулган учурда чет өлкөлүк жарандар мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн эмгек мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматка кайрылууга укуктуу экени белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча туруктуу жумушчу байланыштарды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.