www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун санариптик кызматы ишке кирди.
Эми Кыргызстандын жарандары мамлекеттик органдарга барбастан, аралыктан электрондук камсыздандыруу полисин тариздеп, төлөм жүргүзө алышат. Кызмат «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу жеткиликтүү.
Жеке кабинетте ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 10%, 8% жана 2% өлчөмүндөгү үч тарифи сунушталат. Колдонуучу ылайыктуу тарифти тандап, полисти онлайн тариздеп, Visa, Mastercard же «Элкарт» карталары аркылуу төлөй алат.
Керектүү маалыматтар Социалдык фонддун маалыматтык системалары менен интеграциялоо аркылуу автоматтык түрдө текшерилет.
Кызмат Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд, «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жана «Түндүк» ААКнын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк программасынын алкагындагы биргелешкен ишинин жыйынтыгында ишке киргизилди.