www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Эдиль Байсалов АКШнын Монтана штатынан шайланган сенатор Стив Дэйнс жана Юта штатынан шайланган сенатор Жон Кертис менен жолугушту.
Жолугушууларда тараптар кыргыз-америка эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду чыңдоо, өз ара сапарларды уюштуруу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Элчи Эдиль Байсалов америкалык сенаторлорго Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ал экономиканын туруктуу өсүү темптерине, мамлекеттик башкаруу системасын чыңдоого, ошондой эле ири стратегиялык инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылып жатканына өзгөчө токтолду.
Өз кезегинде сенаторлор Стив Дэйнс жана Жон Кертис Кыргызстанда жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө жана талкууланган демилгелерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти. :::