www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-мартында Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын Тышкы иштер министринин орун басары Гомбосурэн Амартувшинге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу учурунда А.Молдогазиев кыргыз-монгол кызматташтыгын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү жигердештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Монголиянын Тышкы иштер министринин орун басары Г.Амартувшин Элчини бул жооптуу дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага келечектеги иштеринде ийгилик каалап, Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин талкуулап, кыргыз-монгол мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыкташты.