www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кубатбек мырза, “Майдан.kg” гезитининин маек-төрүнө келишиңиз менен! Акыркы кезде өкмөткө карата сын-пикирлер арбып баратат, кепти ошонун тегерегинде баштасак деп турам. Сиздерге айтылып жаткан сын-пикирлердин арасында жөндүүлөрү барбы, айтылып жаткан сөздөргө кошуласызбы? Же айрым аналитиктер айткандай өкмөттү сындоо – кээ бир саясатчылардын парламенттик шайлоо алдында өздөрүнүн рейтингин көтөрүү аракети элеби?

--Аналитиктердин айткандары деле туура деп ойлойм, эки түрдүү сын-пикир бар: бирөө өзүнүн рейтингин көтөрүү, же приоритети үчүн айтып коёт. Ошол эле учурда иш болуп жаткан жерде кемчилик да коштойт. Аны өзүбүз да көрүп-билип, кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жатабыз. Жөндүү айтылган сындарды туура кабыл алабыз. Мисалы, “бүгүнкү күнгө чейин өкмөт реформа жасаган жок!” - деген сын-пикир бар. Бизде кызматкерлердин санын жыл сайын 10-20 пайызга кыскартууну реформа катары кароо түшүнүгү илгертен сиңип калган. Анан дагы структураны алмаштырып, башканы түзүүнү да илгертен реформа деп билебиз. Менимче андай болбош керек. Кыскартуудан кетишибиз керек, структураны да абдан кылдат карап, өзгөртчү жери болсо өзгөртүп, болбосо ошол калыбында жөн коюп, негизгиси иштин ийгиликтүү өнүгүшүнө ылайыктуу жолду тандашыбыз зарыл. Реформа – абдан терең, өтө ойлонулуп жасалчу кадам. Ар бир министрлик, мекемелерге индивидуалдуу көз караш менен карап, ошого жараша реформаны ишке ашыруу кажет. Бизге карата айтылып жаткан сындардын дагы бири – улуттук деңгээлдеги долбоорлор жасалбай жатат дешүүдө. Жасалган иш эки-үч күндөн кийин унутулат.

Өкмөт бир топ жылдардан бери Кыргызстан далалат кылып, бирок жасай албай келген бир топ иштерди ишке ашырды десем болот. Мисалы, “Коопсуз шаар” долбоору 12 жылдан бери аткарылбай келген, учурдагы өкмөт ишке киргизди. Бул дагы улуттук деңгээлдеги долбоор.

Андан сырткары президентибиз Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен акыркы убакта көңүл бурулбай калган, так ушул ири долбоорлор деп атып, четте чечилбей келген эл көйгөйлөрүн колго алууну баштадык. Алар – аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү маселеси. Чындыгында улуттук долбоорлордон кем калышпайт. Өзгөчө санариптештирүү маселесинде ийгиликтүү баратабыз.

Кыргызстан бүгүнкү күндө толук кандуу өтүп бүтпөсө да эки жылда жасалган иштердин башы көрүнүп калды. Кээ бир мамлекеттик кызматтар, башка кызыккан жарандарыбыз жемишин көрө баштады. Коммерциялык уюмдар абдан кызыгуу менен кирип жатышат. Айта берсек ушул сыяктуу аткарылган иштердин катары көп. Дагы бири – социалдык маселелерди чечүү, мугалимдердин айлык акысын көтөрүү.

Мугалимдердин маянасы көп эле жолу көтөрүлдү, бирок реалдуу көтөрүү былтыр гана болду. Маяналары 30 пайызга көтөрүлгөн мугалимдердин колуна барандуу каражат тийип, айлык акысы жогорулаганын биринчи жолу сезишкенин айтып жатышат. Булардан башка аягына чыга элек маселелер бар. Стратегиялык, улуттук деңгээлдеги бир топ долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Алар бир күндө чечилип калчу маселе эмес. Коомчулукта өкмөткө ГЧП (жеке жана мамлекеттик шериктештик) менен иштешпей жатат деген да нааразычылык бардыгы белгилүү. Бул боюнча мыйзамыбыз бар, бирок ал иш алып барууга жол бербеген мыйзам болчу.

Андыктан мыйзамдардын баарын карап, оңдоп-түзөп, иш барып барууга мүмкүнчүлүк берчү абалга жеткирдик. Мыйзамдарды оңдоо боюнча да иштер көп аткарылды.

Өзүңүздөр билесиздер, сот реформасы боюнча 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирчү 5 кодекс ишке киргизилген. Бирок ага карата сын-пикир көп айтылгандыктан, айрым жерлерин кайра оңдоого туура келди. Кайра оңдоп чыгуу кээ бир пландалган иштерди аткарууга тоскоол болду. Пандемия дагы да коркунучтуу. Элдин да жардамы керек!

--Дүйнөнү каптаган апаат COVID-19 илдетине каршы көргөн чаралар боюнча да коомчулукта көп түрдүү сын-пикирлер айтылып келатат. Эң башында эмнеге көп катачылыкка жол берилди, эмнеге алгоритм туура иштелип чыккан эмес дешүүдө. Кайсы жеринен ката кетирдиңиздер, ал эмнеден улам болду – анализдедиңизби?

--Мага чейин иштегендердин ишине баа берип, бул жери ката, бул жери туура дегеним туура эмес болот.

Мен 21-марттан баштап иштеп баштадым, ага чейин вице-премьер-министр, министрлер иш алып барпышты.

Ооба, кемчилик көп болуптур, эң биринчиден аймактардын даярдыгы. Дагы жакшы убагында кемчиликтерди оңдоп, аракетибизди түздөп кеттик.

Азыркы абал, илдетти жамы-журтка жугузбай сактап калуу – президентибиз убагында баамдап, премьер-министр чечим кабыл алып ишти кайрадан уюштурганынын жемиши деп ойлойм.

Эл аралык уюм, эксперттер “Кыргызстан коронавируска убагында каршы чара көрүп, катуу тура алышты” - деген тыянак чыгарышты, мен алардын айтканына кошулам.

Көз тийбесин, башка өлкөлөргө караганда абалыбыз бир топ жакшы. 11-майдан тартып экономиканын бир топ тармактарын ишке киргиздик, мамлекеттик кызматтар иштей баштады. Ошонун кесепетинен десек болот, коронавируска чалдыккан жарандарыбыздын да саны арбый түштү.

Бул мыйзам ченемдүү маселе болчу, биз ушундай болорун билгенбиз. Анткен менен элди дагы да кармап, карантинди, өзгөчө абалды узартууга мүмкүнчүлүк жок болчу. Анда экономика такыр токтоп калмак. Коңшу өлкөлөрдө илдет түп-тамыры менен жок болгондо гана бизде да абал жайына келет деп ойлойм. Бизде коронавирус жок болушу үчүн башка мамлекеттерде да жок болушу керек. Биз илдет элге оор кесепеттерин тийгизбей, жеңил-желпи өтүп кетүүсү үчүн иш жүргүзүп жатабыз.

--Ооруга кабылгандардын саны күн сайын көбөйүп жатканынан улам соцтармактарда “кайрадан карантин киргизилет экен” - дегендей маалыматтардын жайылышын шарттап жаткансыйт. Сиздерде ушундай сценарий барбы, чын эле карантин дагы киргилиши мүмкүнбү?

--Бул эми мамлекеттин эпидемиологиялык абалына жараша болот. Кудай сактасын, андай абалга жетпей эле коелу. Эл да бизге кол кабыш кылышы керек. Күн сайын маалымат каражаттарынан:

“Силердин жардамыңар санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, үйдөн бейчеки чыкпоо”, - деп айттырып жатабыз. Өкмөт, мамлекет акыбалды кайрадан карантиндик режимге жеткирбөө аракетин көрөт, элден да көмөктөшүүсүн суранабыз.

--Пандемиянын экономикага тийгизген таасири боюнча да көп сөз болуп жатат. Экономиканы жандандыруу боюнча кандай иштер пландалды?

--Өкмөттүн антикризистик планы түзүлгөн, анын негизинде иш алып барылууда. Анда бюджетти толтуруу, ордуна коюу маселеси гана эмес, токтоп калган, кыйналып калган тармактарга да жардам берип, жеңилдетилген насыяларды таап келүү маселеси да камтылган. Бул жаатта өкмөт абдан дыкаттык менен иш барып жатат. Бизнес чөйрөсүнө ылдам, жеңилдетилген насыяларды берүүнүн каражат булагын издөө колго алынды. Бул жакын арада ишке ашат.

--Пандемия баштала электе экономикада быйыл мынча өсүш болот деп пландагансыздар да. Пландалгандан иште канча минус болду?

--Коронавирус дүйнөлүк экономиканы төмөндөттү. Дүйнө беш-жети триллион долларга чейин чыгашага учурайт деген прогноз берилип жатат. Анын ичинде Кыргызстан 30-35 миллиард сомго жоготууга учурарын эксперттер айтып жатышат. Бул Кыргызстанга өтө чоң сумма. Былтыр 4,5 пайыз өсүш менен жылды жаптык эле. Быйыл 5 пайызга жетебиз деп турганбыз.

Акыркы учурда көз карандысыз эксперттердин дагы бир прогнозун окуп калдым, эгер үчүнчү, төртүнчү кварталда экономиканын өсүшүн камсыз кыла баштасак – дагы да жылды анчалык көп жоготуусуз жапсак болот. Колдон келишинче өкмөт аракет кылат. Бул жерде эл аралык каржы институттардын жардамын көрүп жатабыз, алар болбосо кыйналып калмакпыз.

Анткени, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда каржы запас коюлган эмес, ага мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Ошондуктан эл аралык каржы уюмдардын жардамы менен оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси айлык маяна социалдык төлөмдөрдү токтотпой камсыз кылышыбыз керек. Өз убагында ишке ашырабыз деп ишенимдүү айтсак болот.

--Премьердин тегерегинде ызы чуу болуп жатат (маек М.Абылгазиев кызматын тапшыра электе жазылып алынган - Ред.). Анын тагдыры кандай болот?

--Бир эсептен эгер сын-пикир айтылып, шектенүү чыгып жаткан болсо - өкмөт башчы ишке басым кылды дегизип отурбай, четте тура турайын дегени туура болду. Азыр бирдеме деп айтыш кыйын. Кандай болбосун акыйкат жеңет деп ойлом.

--Быйыл Кыргызстанда чоң саясий өнөктүк-шайлоо болот. Шайлоону таза өткөрүү боюнча өкмөт даярбы?

--Президентибиздин көз карашы, талабы, тапшырмасы – ачык-айкын, таза шайлоону өткөрүү. Бүгүнкү күнү өкмөт БШК менен биргеликте даярдык иштерин көрүп жатат. Бюджети аныкталып дайындалган. Коронавирус тарабынан тынч болуп турсак, өкмөт күзүндө шайлоону так, туура, адилеттүү өткөрүп бергенге бардык күч-аракетин жумшайт.

--Тажикстан, Өзбекстан менен чек арадагы кырдаал кооптуу болуп жатат. Өкмөт чек ара маселесин чечүүдө мококтук кылып жатабы?

--Азыркы мезгилде чек ара маселеси боюнча тыкыр иш жасалып жатат. Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр 3 күндөн бери жеринде жүрөт. Пандемиядан улам чек ара маселесин кароо бир аз солгундап калган эле, эми кайра жандандыра баштадык.

20-июнда Өзбекстанда эки тараптын комиссиянын жыйыны өтөт. Анда да көп маселелер талкууланат. Негизи Өзбекстан менен чек арабыз дээрлик такталган, 15 пайызы гана калган. Ал эми Тажикстан менен оорураак, 500 чакырым жер аныктала элек. Бул канчалык аракет кылсак да бир тараптын каалоосу менен чечиле турчу маселе эмес.

Коңшу мамлекет менен жакшы мамиледе болуп, дипломатиялык жол менен иш алып барууга туура келет. Салыкты көтөрүү менен өндүрүштү тумчуктуруп алабыз!

--Кубатбек Айылчиевич, пандемия шартында тоо-кен өндүрүшү дагы көп зыянга учурады...

--Кыргызстан үчүн тоо-кен ишканаларынын иштеп турганы абдан маанилүү. Айрыкча, пандемияга байланыштуу абалдан улам да, бардык мамлекеттердин бир гана чон көйгөйү – бюджетти кантип толтурууда болуп жактан шартта, бизге бул тармакты кармап туруу, аларга жардам берүү – приоритеттүү иш-чара болуп саналат.

Учурдан пайдаланып, ири тоо-кен өндүрүш ишканаларына ыраазычылык билдирип кетем. Атын атабай эле коёюн – бирок алар ор шартта коронавируска каршы атайын эсепке чоң жардам которушту, жеринде элге жардам берип жатты. Биз алардын бул дымагына рахмат айтабыз. Азыр да өкмөт алардын ишин кайрадан жанданып кетүүсүнө байланыштуу иш алып баратат. Буюрса, баары жакшы болот...

--Айрым депутаттар тоо-кен өндүрүш ишканаларына салыкты көтөрүү зарылдыгын айтып башташты. Эгер биз салыкты көтөрө турган болсок, ишканалардын токтошун камсыздап, инвестициянын келишине терс таасирин бербейби?

--Сөзсүз терс таасирин тийгизет. Салыкты көтөрүү менен жакшы натыйжага жетүү кыйын. Мисалы, соодада бир соодагер товардын баасын кымбат сатса, экинчиси ошол эле товардын наркын арзандатып, бирок көп сатуу менен киреше табат. Каржы запасы бекем тармактар да бар, аларга индивидуалдуу подход менен карап көрсө болот. Бирок ал тармакты өлтүрүп албашыбыз керек. Практикада товардын наркын төмөндөтүп, бирок көп сатуу көп кирешени шарттаары аныкталган. Андыктан мен ойлойм, салыкты көтөрүү жолу менен барганыбыз туура болбойт.

--Быйыл “Жерүй” ишканасы ишке киргени айтылды, “Кумтөр” жана башка алтын кендер иштеп жатат. Киреше салыгын көтөрүүгө булар кескин каршы чыгышууда. Мен буларга түшүнбөй жатам, чындыгында кирешенин көбүн өздөрүнө чыгарып кетишет. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келбейби?

--Жеке мамиле (индивидуальный подход) деген ушул да. Кирешеси жакшы тармактарга өзүнчө мамиле кылуу керек. Кошумча нарк салуу, киреше салыгы сыяктуу кошумча төлөмдөр менен абалдан чыксак болот. Дагы бир белгилейин, бирок ошол тармакты өлтүрүп албашыбыз керек. “Артык кылабыз деп тыртык кылып” алууга жол бербейбиз. Өкмөт деле абалды анализдеп турат. Жөнү жок авантюралык аракеттерге жол берилбейт.

--Бүгүнкү күндө Кыргызстанда алтын чыгарган канча ишкана бар жана алардан канча киреше түшөт. Акыркы учурда дүйнөдө алтындын наркы көтөрүлгөн тенденция байкалып жатат го? Мына ошол өлкө ичинде чыгарылган алтындарды өзүбүз сатып алып, валюталык запасыбызды толтурсак болбойбу?

--Мыйзам боюнча алтынды казып алган компаниялар алтын уюткусун сатып алууну биринчи кезекте Улуттук банкка сунушташат. Мынча алтынды казып алдым, мынча килограмм алтын даяр турат дешет. Улуттук банктын мүмкүнчүлүгү болсо сатып алат, “болбосо мен албайм, сыртка сата бер” деп уруксат берет. Улуттук банк келишимде көрсөтүлгөн биржанын баасы менен сатып алат.

--Жакында ишкерлер кеңеши президентке кайрылуу жасашты. Алардын нааразычылыгын жакшы түшүнө албадым, баамдашымча лабораториялык текшерүү жаатындагы кайсы бир бөлүмдөрдү бириктирип койгонуна каршыбы, “ишибизге тоскоолдук кылат, башка жактан текшертүүгө аргасызбыз” дешип жатышкан.

--Буга чейин мындай болгон да: мисалы компания кен казып алат, аны ошол кен казган жердин фабрикасынан концентрат кылып чыгарышат, анан концентрат менен уюткунун ортосунда доре деген абал болот. Так ошол доре абалына келтирүүгө бизде шарт жок. “Кыргызстандан мынча алтынды чыгарып кетип жатышат” - деп кыйкырып жатышпайбы, алардын айтканы ушул: компаниялар концентратты башка өлкөлөрдөгү заводдорго алып барышып доре абалына келтирип, кайра Кыргызстанга ташып келишет. Алтынды уютуу Кыргызстандан жасалат. Концентратты Кыргызстандан чыгарууда канча пайыз алтын бардыгын лаборатория аныктап берет. Бизде андай лабораториялардан эки-үчөө бар, баары эл аралык. Мамлекеттик лабораторияны быйыл түптөйлү деп жатабыз. Лабораториянын эки түрү бар: инспекторлук жана анализ чыгаруучу. Компания концентратты 200-300 граммдык мүшөктөргө салып коет, инспекторлук лабораториянын өкүлдөрү барып каалган мүшөктү ченеп, проба алат да келип анализ чыгаруучу лабораторияга жеткирет. А булар анализин чыгарып колуна тапшырат. Биз ушул эки лабораторияны кошолу дегенбиз, нааразычылык мына ушундан чыкты.

--Ошондо алар “алтынды мамлекет текшерүүгө алып жатат”- деп нааразы болушуудабы?

--Жок, экөөнү бир компанияга айланталы дегенибизге депутаттар “концентраттын ичинде 5 грамм алтын бар деп көрсөтүшүптүр, ал жерде 10 грамма алтын болушу керек” - деп кыйкырып жатышпайбы. Ал жердеги катачылыкты кимдир бирөөдөн сураш керек да. Анализ чыгаруучу лаборатория айтат: инспекторлук лаборатория алып келген пробадан анализ чыгардык, башкасын билбейбиз деп. Инспекторлук анализдин жыйынтыгына биздин катыштыгыбыз жок дейт. Ортодо сурай турган эч ким жок. Ошого жоопкерчилик бир тарапта болсун деп экөөн кошууну эп көргөнбүз. Бирок азырынча инспекторлук ишти лаборатория жүргүзгөнгө даяр болбой, жарым жылга мөөнөт бергенбиз, инспекторлук функцияны киргизип, иштей тургандай болгула деп.

--Биздеги алтын казуучу компаниялардын көбү чет элдик болгондон кийин андагы адистер да чет өлкөлүктөр, “карантин адистердин кирүүсүнө тоскоолдук жаратып, иш токтоп калды”- деген да нааразычылыктар бар?

--Коронавируска байланыштуу баарына токтом чыгарып бекитилген. Бирок мурдагы күнү чечим кабыл алдык, адистерге виза берүүгө даярбыз. Ишканалар канча адисин чакыруу ниети бардыгын билдирип арыз беришсе, маселе чечилет.

--2018-жылы тоо-кен ишканаларына болгон салыктык жүк боюнча изилдөө жүргөн. Ошонун жыйынтыгында Кыргызстан артта болуп чыккан. Демек, биз салыкты ченебей коюп, тоо-кен өндүрүшүн муунтуп жатабызбы?

--Мен бул жыйынтыктарга кошул албайм, туура эмес деп ойлойм. Себеби сегиз, он тонна алтыны бар кендерибизге лицензия мурдагы бийликтердин тушунда 380 сомго сатылып кеткен. Анан 380 сомго кенге ээ болуп алып, каалагандай казып иштетип туруп, салык төлөгөнү келгенде көп деп айтышса жаңылыштык. Монголия кенди иштетүүгө берерде баланча пайызы мамлекетте калат деп алдын ала келишим түзөт. Биз дагы өткөн жылдан баштап жаңы талап киргиздик, көмүрдөн баштап бардык кендерди сынакка койсок сөзсүз мамлекеттик үлүшү көрсөтүлөт. Ким канчалык көп үлүш берсе, упайы ошончолук жогору болот.

--Ал эми ишке берилип кеткен кендерди кайра ала албайбыз да ээ? Поезд кетип калдыбы?

--Ала албайбыз. Алабыз десек чоң сот иштери пайда болот, андан утуларыбыз анык, тапканыбыздан зыяныбыз ашып кетет. Былтыр берилип кеткен бирок иштебей турган кендерди кайтарууга аракет кылдык жана кайтардык. Ал эми иштеп жаткандарын кайтарууга аракет кылсак инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет. Эл кыдыргандан рахат алам!

--Көп убакыттан бери мамлекеттик кызматта ишеп жатасыз. Акыркы убакта абал оорлоп, кырдаал таталдашып кетти. Чарчап чалыккан жоксузбу?

--Адамдын организми ушундай болот экен: физикалык жактан эмес, моралдык жактан көп чарчайсың. Ар кандай кептер, адилетсиз сындар чарчатып жиберет. Ден соолугум Кудайга шүгүр жакшы, физикалык жактан маселе жок. Элге барсам, аймактарга чыксам энергия алам. Менимче бардык эле айылда төрөлүп-өскөн адамдар айылдарды кыдыруудан ырахат алса керек. Ден соолук болуп турса элге кызмат кылууга даярмын. Жасай турган иштерибиз көп.

--Баарын таштап депутат болуп алсаңыз балким жүгүңүз жеңилдейттир?

--Кээде аябай чарчаганда, же кайсы бир маселе жаралганда “мындан көрө бала-чакамдын маңдайында тынч эле отурсамбы” - деп ойлонуп кетем. Бирок ал ой тез эле кетет. Анткени баштап, бирок аягына чыгара элек иштериңди көрүп ага баш-отуң менен кирип кетесиң. Ишиңдин жакшы жыйынтыгын көрүү да стимул болот. Депутаттын иши өкмөткө караганда жеңил экени баарына белгилүү эмеспи, а бирок мени андай түйшүгү жеңил иш кызыктырбайт.

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости