www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын экс-депутаты, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин мурдагы мүчөсү Эмил Жамгырчиев өлкөдөгү акыркы саясий процесстерге байланыштуу өз позициясын билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү коомчулукта өлкөнүн жаратылыш байлыктары, «Кумтөр», жер тилкелеринин чет элдик инвесторлорго берилиши, жарандык активисттердин кармалышы, мамлекеттик органдардагы болжолдуу коррупциялык схемалар жана кызыл китеби бар жарандардын жерге болгон укуктарына байланыштуу маселелер кызуу талкууланууда.
Экс-депутат Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да коомчулукта бир катар суроолорду жаратып, бийлик өкүлдөрүнө карата сын-пикирлер айтылып жатканын белгиледи.
«Депутаттардын Жер кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрү коомчулукта бир катар суроолорду жаратып, Президенттин дарегине сын-пикирлер айтылууда.
Тилекке каршы, эл өкүлдөрү кабыл алган чечимдери боюнча коомчулукка түз түшүндүрмө берүүнүн ордуна, Президенттин атынан Орунбековдун жооп берүүсү коомчулукта түшүнбөстүк жаратууда», — деп билдирди ал.
Ошондой эле экс-депутат мындай мамиле коомдогу нааразычылыкты күчөтүп, бийликке болгон ишенимге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.
Ал Президенттин саясатын Жогорку Кеңештин төрагасы М. Маматалиев жана айрым депутаттар гана ачык колдоп чыкканын белгилеп, калган эл өкүлдөрүн өз позициясын ачык билдирүүгө чакырды.
«Депутаттын позициясы учурдагы саясий кырдаалга же кимдин бийликке келерине жараша өзгөрбөшү керек. Бир кемеде болгон соң, жоопкерчиликти чогуу тарта билиш керек», — деди экс-депутат.
Ал сөзүнүн башында «Мандат убактылуу, ал эми принциптер туруктуу болушу керек» деген позициясын билдирген.