www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу Азиз Мырзаев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы жакында тараткан маалыматка ылайык, шектүү мурунураак кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.

" Азиз Мырзаев Көлбаевдин ишмердиги кылмыштуу экенин билип туруп, өзүнүн атына катталган чопкуттуу "Лексус LX570" автоунаасын Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. Шектүү Камчы Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, анын спорттук жана башка ищ-чараларын каржылап келген" деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы иликтеп-тергөө учурунда Дубай шаарындагы "Бизнес Бэй" деп аталган тандамал аймакта кармалган жаранга таандык 24 батири бар экени аныкталганын, батирлердин жалпы баасы 4,5 млн долларга барабар экенин кошумчалады.

Учурда атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгы Көлбаевге таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу ишин улантып жатканы кабарланды.

Айрым маалымат каражаттары Азиз Мырзаев аттуу инициалдагы бул жаран - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Динара Исаеванын уулу - экенин жазып чыгышты.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголгонун, анын негизинде опузалоо жана рейдерлик аракеттер аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, кылмыштуу топторду каржылоого тиешеси бар ишкерлер да кармалганын кабарлаган.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы аныкталганын маалымдаган. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү же алар менен кызматташканы аныкталды деген негизде айрым адамдар кармалып, камакка алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости