www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда «Экологиялык коопсуздук» багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунун экинчи агымы аяктады.

Окууга министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик парктар менен коруктардын 25 кызматкери катышты.

Курс практикалык багытта уюштурулуп, анда экологиялык мыйзамдар, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо (ОВОС), санариптик коопсуздук, экологиялык мониторинг жана мамлекеттик экологиялык көзөмөл боюнча билимдер берилди.

Окуунун жыйынтыгында катышуучуларга квалификацияны жогорулатуу сертификаттары тапшырылды. Аларды министрдин орун басары Асель Раимкулова тапшырды.

Анын айтымында, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу экологиялык саясатты натыйжалуу ишке ашырууга жана экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

2026-жылдын аягына чейин тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу пландалууда.

Последние новости