www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-январда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов жана министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев эки Улуттук кардиологиялык борбордун жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесине ылайык, М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси болуп Талант Эралиев, ал эми Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчиси болуп Жалил Шейшенов дайындалды.

Тааныштыруу учурунда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Кардиологиялык жардам системасы так жана ырааттуу иштеши керек. Буга чейин аныкталган бир катар көйгөйлөр башкаруучулук чечимдердин зарылдыгын көрсөттү. Жаңы команда тартипти, процесстердин туура уюштурулушун жана татыктуу клиникалык жыйынтыктарды камсыздайт деп күтөбүз».

Последние новости