www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эки дөө урушса, ортодо арабдар кыйналат”

28-февралда АКШ жана Израилдин Иранга кол салуусу Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жашоосун кескин өзгөрттү. Иран жооп катары Израилге жана АКШнын аскер базалары жайгашкан араб өлкөлөрүнө ракеталык жана дрондук сокку жасоодо. Айрыкча энергетикалык нефтегаз инфраструктурасы бутага алынууда.

Мындан улам, Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрү Москваны Иранга кысым жасоого чакырды. Бирок Сергей Лавров араб дипломаттарына урушту токтотуу, саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү сунуштады. 

Араб мамлекеттери эми Орусия менен бирге АКШ жана Израилди жоопкерчиликке тартуу маселесинде татаал абалда калды. Бар тарабында Ирандын жооп соккуларынан качуу, ошол эле кезде Трамптын саясатына каршы чыгуу тобокелчилиги жаралды.

Последние новости