www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки бала иске ууланып каза болду

Ресторандардын биринде үч өспүрүм официант көмүр кычкыл газына  ууланды. Алардын  экөө каза болсо,  бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Окуя, 24-ноябрь күнү Казакстандын Жанаозен шаарындагы ресторандардын биринде катталган.

Маалыматка караганда, газга  уулангандар 23-ноябрь күнү  кечинде жумуштан соң, үйлөрүнө кетпей ресторанда калып калышкан. Себеби,  алар эртең менен боло турган банкетти тейлешмек. Балдар  кечинде ресторандын аймагындагы  от жагуучу бөлмөдө  укташкан. Ал жерден иске ууланышып, жыйынтыгында эки бала каза болуп,  15 жаштагы 2003-жылы төрөлгөн бала аман калган. Бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ага “ көмүр кычкыл газына” ууланган деген диагноз коюлуп, дем алуучу органдары жабыркаганын дарыгерлер билдиришкен.

Азыркы учурда  аман калган бала эсине келип, тамак иче баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости