www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки аял алганы үчүн камалды

Өзбекстандын Бухара облусунун Гиждуван районунун тургуну көп аял алгандыгы үчүн бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда,  айыпталуучу өзүнүн үй-бүлөсү менен көп жылдан бери жашап келген жана аялы экөөнүн ортосунда эки кызы бар. Расмий никелүү экендигине карабастан, ал 2016-жылы дин жолу менен нике кыйдырып дагы бир жолу Самаркандда жашаган аялга үйлөнүп алган. Башкы себеби өзүнүн аялы ооруп калып, ага бала төрөп бере алган эмес. 

2018-жылы экинчи аялы ага уул төрөп берген. Соттун жүрүшүндө киши күнөөсүн толук моюнуна алган. Айыпталуучу экинчи аял алганына карабастан биринчи үй-бүлөсүнө жана эки кызына керектүү шарттарды түзүп бергенин айткан. 

Өзбекстан Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “көп аялдуулук” беренеси боюнча сот айыпталуучуну бир жылга эркиндигинен ажыратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости