www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Toulouse Volcanic Ash Advisory Centre (VAAC) маалыматына караганда, Эфиопиянын түндүк-чыгышындагы жанар тоо дээрлик 12 000 жылдан бери биринчи жолу атылып, асманга 14 километрге чейин коюу түтүн көтөрүлдү.

Эритрей чек арасына жакын Афар аймагында жана борбор шаар Аддис-Абебадан 800 чакырымдай түндүк-чыгышта жайгашкан Хайли Губби жанар тоосу жекшемби күнү бир нече саат бою атылды.

Жанар тоонун бийиктиги болжол менен 500 метрге жетет жана эки тектоникалык плиталар кесилишкен, геологиялык жактан активдүү Рифт өрөөнүндө жайгашкан.

VAAC борбору, жанар тоодон чыккан күл түндүктү көздөй Йемен, Оман, Индия жана Пакистанга жылганын билдирди.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо калың ак түтүндүн көтөрүлгөнү байкалды.

Смитсон институтунун Глобалдык вулканизм программасынын маалыматына караганда, Хайли Губбиде голоцен доорунда эч кандай атылуу катталган эмес. Голоцен болжол менен 12 000 жыл мурун акыркы муз доорунун аягында башталган.

Мичиган технологиялык университетинин вулканологу жана профессору Саймон Карн “Bluesky” басылмасына Хайли Губбинин "голоцен доорундагы атылуулары жөнүндө эч кандай маалыматы жок" экенин ырастады.

Последние новости